Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун Журналистика бөлүмүнүн 3 студенти “Мыкты калем” долбооруна катышууда

Кыргызстандын ЖОЖдорундагы журналистика тармагында билим алып жаткан III, IV курстардын студенттери үчүн “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Мыкты калем” долбооруна И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн III курсунун студенти Гүлнур Салиева жана IV курсунун студенттери Милана Жыргалбек кызы, Элнура Курманкалыевалар катышып, жогорку баллга ээ болушкан.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан «Royal Beach» эс алуу жайында «Мыкты калем» демилгесинин алкагында уюштурулуп, ага студенттер, мугалимдер, «Мыкты калем» программасынын катышуучулары жана өнөктөштөр катышууда.
Демилгенин негизги максаты: журналистика факультетинин студенттерин журналистиканы жана сөз эркиндигин мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулоого тартуу.
Белгилей кетсек, “Мыкты калем” демилгесинин алкагында өлкө боюнча ЖОЖдордо журналистика тармагында билим алып жаткан 45 студент тандалып алынып, заманбап журналистиканын жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө үйрөтүлгөн.

“Мыкты калем” сынагынын 1-этабында, 2023-жылдын декабрь айында III, IV курстардын студенттери арасында социалдык сурамжылоо түрүндө өткөн. 2-этапка 45 студент катышуу укугуна ээ болгон. 7-февраль күнү катышкандарга социалдык маселелер боюнча тапшырмалар берилет. Ошону менен, сынактын 3-этабы Ош шаарында жыйынтыкталат.