Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун Журналистика бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова “Маданият диалогу” XVIII Эл аралык медиа форумуна катышууда

21-26-май күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан XVIII “Маданият диалогу” эл аралык медиа форумуна катышууда.

Эльвира Сатыбекова “Эверестти биринчи багынткан кыргызстандык” (Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов жөнүндө) атайын баяндамасын тартуулап, “Маданият диалогу” медиа форумунун диплому менен сыйланды.

Форумда Россиядан жана чет өлкөлөрдөн келген катышуучулардын долбоорлору көрсөтүлөт, алар ар кайсы өлкөлөрдөн келген кесиптештерине оригиналдуу теле жана документалдык долбоорлорду көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле форумдун алкагында «Евразия – контент триумфу» аталышында жалпы тема менен бириктирилген кыска метраждуу даректүү тасмалардын фестивалы өткөрүлөт.