Blog Image

И.Арабаев атындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун журналистика бөлүмүнүн магистранттары УТРКнын өкүлдөрү менен жолукту

Бүгүн бүтүрүүчүлөрдү кесипке багыттоо жана ишке орноштуруунун алкагында Улуттук телерадиоберүү корпорациясында И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун магистранттары Улуттук телерадио корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Иш-чаранын алкагында УТРКнын башкы директорунун орун басары Улан Сатиев магистранттарды компаниянын талаптары, иштөө шарттары жана корпоративдик маданияттын өзгөчөлүктөрү менен тааныштырып, корпорацияга ишке орношуу келечегине токтолду. Ошондой эле, алардын ишмердүүлүгү, стажировкалары, ишке орношуусу жана мындан аркы жемиштүү кызматташууга даярдыгы тууралуу маалымат берди. Жолугушуунун жыйынтыгында ар бир магистрант жеке кеңештерди алды.