Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети аккредитациядан өттү

"Билим-Стандарт" Көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде аккредитациялоо өткөрдү. Аталган агенттик тарабынан университеттин Магистратура багыты боюнча экономика, социалдык иш, колдонмо информатика; Бакалавриат багыты боюнча программалык инженерия, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу; Орто кесиптик билим берүү багыты боюнча, теология колледжи көз карандысыз аккредитациялоодон өткөрүлдү.

"Билим-Стандарт" агенттигинин адистери окуу жайдын курам жетекчилери менен маектешүү жүргүздү. Анын алкагында бүгүнкү күнгө чейинки аткарылып жаткан иштерге университеттин жетекчилиги тарабынан көрсөтүлгөн колдоолор, түзүлгөн шарттар тууралуу суроолор берилди.