Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитациялоодон өтүүдө

Университеттин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитациялоо билим берүү мекемесинин жашоосундагы негизги процесстердин бири болуп саналарын айтып,  аккредитациялоонун негизги талаптарына токтолду.  Ал ЖОЖдор арасында атаандаштыкты күчөтүүгө, эмгек рыногуна жооп бере турган адистерди даярдоого жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталат. 

Аккредитациялоодо билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатында 7 пункт бар. Алсак, билим берүү программаларын иштеп чыгуу, бекитүү, байкоо жүргүзүү жана мезгили менен баалоого, инсанга багытталган окутууга жана окугандардын (студенттердин) жетишүүсүн баалоого, студенттерди кабыл алуу, билим берүүнүн натыйжаларын таануу жана студенттердин бүтүрүүсүнө  байкоо жүргүзүү, окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамдын сапаттык көрсөткүчүн баалоо, материалдык-техникалык базага жана маалымат ресурстарына  баалоо жана байкоо жүргүзүү, маалыматты башкарууга жана аны коомчулукка жеткирүү аракеттерин таануу жана баалоо.