Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды.

Белгилей кетсек, 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жарыяланган бир айлыктын алкагында И.Арабаев атындагы КМУнун ар бир курамдык бөлүктөрүндө эне тил күнүгө карата илимий, маданий иш-чаралар жана ачык сабактар өткөрүлдү.

21-февралда И.Арабаев атындагы КМУ Улуттук жазуучулар союзу жана “Бугу пресс” басма үйү менен биргеликте “Азыркы күндөгү көркөм котормонун абалы” деген темада кереге кеңеш өткөрдү.

Аны менен катар эгемендик мезгилинде жарык көргөн көркөм котормо жаатындагы китептердин көргөзмөсү орун алды.

Аталган иш-чарага көркөм котормо боюнча адистер, адабиятчылар, сынчылар, илимпоздор, жазуучулар, котормочулар, изденүүчүлөр, докторанттар, аспиранттар жана студенттер катышты.