Blog Image

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Казакстандын Мирас университети ортосундагы кызматташтык

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Казакстандын Мирас университети ортосундагы кызматташтык

Казакстандын Мирас университетинин өкүлдөрү Майра Елганова жана Камшат Иманова академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине келишти.

Жолугушууда билим берүү, илим жана маданият тармагында эки университет ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраевага ыраазычылык каты тапшырылды.

Эки университет ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Мирас университетинин 9 магистранты И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинде онлайн форматта билим алышты. Аталган окуу программа жыл сайын өткөрүлүп келет.