Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Студенттер күнүн салтанаттуу белгиледи

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Эл аралык студенттер күнүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу белгиледи.

Университеттин ректору Айгүл Абдраева окуу жайдын студенттерин Эл аралык студенттер күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, каалоо-тилектерин билдирди.

Бул салтанатта ЖОЖдун алдыңкы студенттеринин окууда, коомдук иште ынтызарлыгы ректордун стипендиясы, ардак грамота, дипломдор жана ыраазычылык каттар менен белгиленди.

Салтанаттуу иш-чара университеттин студенттик жашоосун чагылдырган видеоматериал, курам жетекчилеринин өзгөчө куттуктоолору, окуу жайдын окутуучулары, студенттеринин концерттик программасы, саркеч кийимдер коллекциясы жана кыргыз эстрада ырчыларынын куттуктоолорунан топтолгон. Студенттер даярдалган концерттик программа улуттук, чет элдик, классика чыгармалары жана дүйнө элдеринин бийлери менен коштолду.