Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети “Жылдын мыкты Университети-2022” деп аныкталды

Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору IARC тарабынан И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети “Жылдын мыкты Университети-2022” деп аныкталды.

Канаданын Монреаль шаарында жайгашкан Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору IARC илим, билим берүү, өнөр жай, бизнес жана технология тармагындагы таланттуу адистердин ийгиликке жетүүсүнө өбөлгө түзгөн эл аралык уюм.

IARC борборунун жөнөткөн куттуктоосунда белгиленгендей, университеттин потенциалы, ишмердүүлүгү, илимий жетишкендиктери жана эл аралык мамилелердеги ийгиликтерине эксперттер тарабынан баа берилип, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети аталган борбордун эл аралык мамилелер багытындагы сынагында жеңишке жетти.