Blog Image

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Мекенди коргоо – ыйык милдет” аталышында иш-чара өтүүдө

Иш-чарага И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректор Раушанбек Зайниев, Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбек кызы, КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышууда.

Иш-чаранын максаты: патриоттуулуктун жана эрдиктин символу болгон бул майрамда атуулдук, мекенчилдик, руханий, адеп-ахлак баалуулуктарына негизделген жарандык коомдун өнүгүшүнө салым кошуу, мекен сакчыларын, эмгек баатырларын эсте сактоо, жаштарда толеранттуулук, кайраткерлик сезимдерди калыптандыруу.

Иш-чара КМУнун Жаштар бөлүмү, Маданий-эстетикалык борбору жана Студенттик өкмөтү тарабынан уюштурулган.