Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Чынгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү” адабий кечеси өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Чынгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү” адабий кечеси өттү. Чыгармачыл кечени университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева ачып берип, катышуучуларды кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесин утурлай университетте көптөгөн иш-чаралар өтүп жаткандыгын белгиледи. Ошону менен бирге, бул адабий кеченин өз орду бар экендигин айтып, чыгармачыл жаштарга изденүүлөрдү жана ийгиликтерди каалап кетти.

Адабий кечеге Мамлекеттик тил жана маданият институтунун 2-3-курсунун студенттери Айтматовдун “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”, “Эрте келген турналар”, “Бетме-бет”, “Биринчи мугалим”, “Жамийла”, “Ак кеме” ж.б. чыгармалары боюнча үзүндүүлөрдү даярдаган. Маданий иш-чара Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, доцент Айнура Каныбекованын жетекчилиги менен уюштурулду.

Адабий кеченин жыйынтыгы менен эң мыкты ролдорду аткарган студенттерге грамота, ыраазычылык каттар тапшырылды. Ал эми Нуритдин кызы Жаңыл, Бакытбек кызы Айзирек, Эсенаманова Тумар, Бекмурза кызы Карлыгач, Сыргатаева Гаухар, Жигиталиева Севара, Төлөнова Айжаркын КМУнун ректорунун баалу белеги – акылдуу саат менен сыйланышты.

Чыгармачыл студенттерди адабий кечеге шыктандырган жана даярдаган көркөм жетекчилер: “Алтын казык" резиденциясынын жетекчиси, доцент Гүлнур Устабаева, “Башат" чыгармачыл жаштар клубунун жетекчиси Медер Байгазиев.