Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде семинар-тренинг өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мектепке чейинки билим берүү” адистигинин студенттери үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кесиптик колледжинин “Мектепке чейинки билим берүү” программасынын ага окутуучусу Г.Ш. Абдралиева “Мектепке чейинки курактагы балдарда интеллектти жана чыгармачылыкты өнүктүрүүнүн эффективдүү жолдору” аталышында семинар-тренинг өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүнүн заманбап жолдору жана методдору боюнча пикир алмашуулар жүргүзүлүп, практикалык көнүгүүлөр, оюндар уюштурулду. Иш-чара студенттерге теориялык билимдерди практикада бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк түздү.

Семинар-тренинг Гуманитардык-педагогикалык колледжи тарабынан уюштурулду.