Blog Image

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жалпы ишембилик өтүүдө

Бүгүн, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бардык окуу түзүмдөрүндө жана жатаканасында ишембилик өтүүдө. Окутуучулар менен студенттер факультет декандары менен биргеликте өздөрүнө бекитилген тилкелерде санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп, таштандыларды чыгарышты. Ал эми жатаканада жашаган студенттер имараттын айланасын тазалашты. Окуу жайдын аймагын тазалоо иштерине университеттин жалпы жамааты жигердүү катышты.
Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы калаабызда 1-марттан 31-майга чейин көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыялаган.