Blog Image

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине билим берүү программаларын лицензиялоо иши башталды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине билим берүү программаларын лицензиялоо боюнча атайын комиссия өз ишин алып барууда. Комиссиянын төрагасы М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин Карьераны өнүктүрүү жана маркетинг департаментинин директору Акылай Джумагулова. Комиссиянын мүчөлөрү: К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин “Т.Орозалиев атындагы айыл чарбасын механизациялаштыруу” кафедрасынын башчысы Таалайбек Осмонканов жана Бишкек эл аралык медициналык институтунун Окуу жана тарбия иштери боюнча проректору Дилара Апезова. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети дарылоо иши боюнча 6 жылдык багыттагы адистикти алуу иш чарасын өткөрүүдө.