Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кытайдан делегация келди

И.Арабаев атындагы КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту Кытайдын Цзинань билим берүү бөлүмүнөн келген делегация менен жолугушту. Делегация тобу менен университеттин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рай кызы Рахат кызы, Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова, Эл аралык билим берүү программалар институтунун директору Мээрим Субанбекова сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болду, андан соң, Кытайдын Цзинань билим берүү бөлүмүнөн келген делегацияга окуу жайдын музейи менен тааныштыруу менен коштолуп, чакан концерттик программа тартууланды.