Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору, белгилүү саясий жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 2023-жылдын 15-ноябрында 82 жаш курагында дүйнө салды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, философия илимдеринин кандидаты, белгилүү саясий жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 2023-жылдын 15-ноябрында 82 жаш курагында дүйнө салды.
Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. 1965-жылы  Москвадагы мамлекеттик маданият институтун аяктап, 1975-жылы СССР Коомдук илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, философия илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.
2011-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Манас” эпосу жөнүндө” (28-июнь, 2011-жыл) мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндөгү” (27-январь, 2012-жыл) Жарлыгынын талаптарын ишке ашыруу максатында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Топчубек Тургуналиевдин жетекчилигинде Манастаануу институту ачылган. Манастаануу институту өз ишмердүүлүгүндө кыргыз элинин жан дүйнөсүн, маданиятын, рухий асыл нарктарын, көркөм өнөрүн, тарыхын, басып өткөн жолунун чып-чыргасын коротпой, өз боюна сиңирип келген «Манас» эпосун улуттук идеологиянын булагы катары жайылтуу максатында тиешелүү деңгээлде  жогорку билимдүү адистерге окутуу тууралуу маселесин ишке ашырууда опол тоодой эмгек кылууга жетишти. Институт бүгүнкү күндө Мамлекеттик тил жана маданият институтуна караштуу Манастаануу кафедрасы катары ишмердүүлүгүн улантууда.
2011-жылы Топчубек Тургуналиев Кыргыз Республикасынын I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Топчубек Тургуналиевдин жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.