Blog Image

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин делегациясы Литванын энергетика агенттигинин директору менен жолугушту

4-июль күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан барган делегация GreenKG долбоорунун алкагында Литванын энергетика агенттигинин директору Агне Багочите менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө азыркы учурда күн энергиясына басым көбүрөөк болуп жаткандыгы жана 2030-2050-жылдарга карата стратегиялык пландарга киргизилгендиги тууралуу айтылды. Анткени көптөгөн өлкөлөр кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана пайдалануу боюнча өз пландарын түзүп жатышат. Бул пландарга күн энергиясынын кеңири колдонулушу камтылган. Себеби, ал айлана-чөйрөгө аз таасир этет жана энергиянын туруктуу булагы болуп саналат.

Литва 2030-2050-жылдар аралыгында күн энергиясын экспортоону пландоодо.