Blog Image

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин делегациясы Вильнюс университетинде

3-июль күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан барган делегация GreenKG долбоорунун алкагында Вильнюс университети жана анын лабораториялары менен таанышты.
Вильнюс университети 1579-жылы негизделген Литвадагы биринчи жана эң ири университет болуп саналат. Ошондой эле, Борбордук жана Чыгыш Европадагы эң байыркы жана эң белгилүү жогорку окуу жайларынын бири. Бүгүнкү күндө Литванын алдыңкы илимий-изилдөө институту болуп саналат. 
КМУнун делегациясы Вильнюс университетинин лабораториялары менен таанышты.