И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин № 3 отуруму өттү
Бүгүн, 30-ноябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин № 3 отуруму өттү. Отурумдун Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
- 2022-2023-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрдүн жана Кыргызстандын тарыхы, Кыргызстандын географиясы, Кыргыз тили жана адабияты (комплекстик сынак) боюнча мамлекеттик аттестациялардын жыйынтыктары. Баяндоочу И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан Зайниев.
- Японтаануу институтунун калыптануу тарыхы жана өнүгүү перспективалары. Баяндоочу Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров.
Кезектеги Окумуштуулар кеңешинин отурумунда “педагогика адистиги” боюнча “профессор”, “биология адистиги” жана “тарых адистиги” боюнча “доцент“ окумуштуулук наамдарына добуш берүү биринчи жолу жаңы электрондук форматта, КРнын Улуттук аттестациялык комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Илимий-изилдөө иштеринин тематикалык багыттарын тактоо жана бекитүү боюнча илимий-техникалык кеңештин курамын бекитүү маселеси каралды.