Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү

Бүгүн, 29-сентябрда, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кезектеги Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү.
Окумуштуулар кеңешинин күн тартибинде 2022-2023-окуу жылындагы профессордук-окутуучулар курамынын рейтингинин жалпы жыйынтыктары боюнча маалыматты Окуу башкармалыгынын башчысы Равшан Зайниев баяндап берди.
Күн тартибинин 2-маселеси боюнча И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тилди, жаштар саясатын жана спортту өнүктүрүү боюнча 2022-2023-окуу жылында аткарылган иштердин жыйынтыгын проректор Жайна Садыкбек кызы баяндады.
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева М.Р. Рахимова атындагы   кошумча кесиптик билим берүү институтунун алдындагы инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борборунун башчысы Дамира Сыдыгалиевна Шаршеновага география илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы берилгендигине байланыштуу куттуктап, дипломун тапшырды.  
Ошондой эле ар түрдүү маселелер каралды.