Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери “Репрессия курмандыктарын актоо” тууралуу мыйзам долбоорун талкууга катышышты

27.01.23

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин окутуучулары жана студенттери 27-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде “Репрессия курмандыктарын актоо” тууралуу мыйзам долбоорун талкууга катышышты. Мыйзам долбоору XX кылымдын 20-50-жылдарындагы саясий репрессиялардын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталган. Талкууга ЖК депутаттарынан тышкары Кыргызстандагы белгилүү тарыхчылар, коомдук ишмерлер, изилдөөчүлөр катышты.

 Жалган жалаа менен жоопкерчиликке тартылган бейкүнөө адамдардын жакшы ысмын калыбына келтирүүгө, тарыхтын актай барактарын кайрадан жазып, тактоого арналган иш чарага факультеттин деканы, профессор Назира Курбанова баштаган окутуучулар менен бирге студенттердин да катышышына шарт түзүлгөн. Иш чара студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, потриоттук сезимдерин козгоп, тарыхый билимин тереңдетет деп ишенебиз.