И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраеванын куттуктоосу
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм! Демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1993-жылы 5-майда, кабыл алынган. Бул күн ушул чакта дагы өлкөбүздүн тарыхы үчүн өзгөчө символикалык мааниге ээ.Быйыл Баш мыйзамдын 30 жылдыгын майрамдап жатабыз.
Конституциябыз укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган, өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылып келет. Баш мыйзамда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү — ар бир атуулдун негизги милдети.
Майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, ийгилик жана өсүп-өнүгүү каалайм!