Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраеванын куттуктоосу

Урматтуу мекендештер! Ардактуу ардагерлер!

Бардыгыңыздарды Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

9-Май – Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү! Даңктуу тарыхыбыз менен элибиз дайыма тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары белгилеп келет. Согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элеси ар дайым жүрөгүбүздө.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм! Кыргызстаныбыз тынчтыкта жана биримдикте гүлдөп өнүгө берсин!