Blog Image

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору курам жетекчилеринин орун басарлары менен жолугушту

Бүгүн, 11-октябрда, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева илим, эл аралык мамилелер, инновациялар, мамлекеттик тил, жаштар саясаты, спорт иштерин өнүктүрүүнү ишке ашыруу максатында курам жетекчилеринин орун басарлары менен жолугушту.
Жолугушууда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 2023-2024-окуу жылына карата бекитилген иш пландарынын негизинде ишмердүүлүктү өнүктүрүү маселеси каралган.
Иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн көзөмөлгө алуу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча семинарларды уюштуруу, эл аралык байланыштарды күчөтүү, социалдык колдоого муктаж студенттерге көмөк көрсөтүү, медиа сабаттуулукту өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча талкуу болуп, жооптуу кызматкерлерге тиешелүү тапшырмалар берилди.