И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор А.Т.Абдраеванын 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата куттуктоосу
Мекен сөзү эзелтеден ыйык, ар бир атуул үчүн аска-зоодой бийик. Мекенди коргоо, намысты бекем кармап, Ата журтту жат душманга бастырбоо Манас бабабыздан бери келе жаткан улуу жөрөлгө, айныксыз милдет. Кыргыздын кыраан жигиттери эли-журту үчүн кан-жанын аябай кылымдар бою кызмат кылып келген. Бул салт бүгүнкү күндө да уланып, миңдеген аскер кызматкерлери Мекенибиздин тынчтыгына кам көрүп, өз кызматын абийирдүүлүк менен аткарып жатышат.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо, алардагы асыл баалуулуктарды калыптандырууда, аскерге чейинки даярдоодо ийгиликтүү иш алып барууда.
Бул күн дагы бир жолу Мекен алдындагы парзыбызда эске салып, жаш муундардын, эл-журту үчүн күйгөн жарандардын атуулдук жоопкерчилигин күчөтүп, кайратуулукка, ар намыстуулукка жана эр жүрөктүүлүккө чакырат.
Урматтуу мекендештер, кесиптештер жана студенттер, сиздерди Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм!
Сиздерге жаркын келечек, бакубат жашоо каалайм. Жергебизде тынчтык болсун!