Blog Image

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор А. Т. Абдраеванын Ак калпак күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу замандаштар, кесиптештер жана студенттер!

Кыргыз эли эзелтеден баш кийимди ардактап, барктаган. Баш кийимге жараша адамдын статусу, кадыр-баркы, социалдык абалы, жашы аныкталган. Баш кийим кийүү этикасы кылдат сакталып, адамдын абалы, иш-аракети, сезим-туйгусу чагылдырылган. Айрыкча ак калпак - кыргыз элинин улуттук иденттүүлүгүн аныктаган, тарыхын тастыктаган, ар-намысты бийик тутууга үндөгөн улуттук баалуулуктун бири.

Ак калпак Ала-Тоону элестетип, тазалыктын, улуулуктун, кайраттуулуктун символу болуп келе жатат. Ала-Тоону ыйык туткан ар бир кыргыз баласы ак калпакты алчыланта кийип, Мекен алдындагы жоопкерчиликти сезип чоңойгон. Ак калпакты жерге таштабаган, кас душманга карматпаган салтыбыз, ийгилик багынткан уулдарыбызга ак калпак кийгизүү, улуу иштерге үндөө жөрөлгөбүз бүгүнкү күндө да уланууда. Ата-бабабыздан таберик болуп келе жаткан ак калпак ар бир кыргыз атуулуна дем-күч берип, жүрөгүн толкутуп, сыймыктуу сезим жаратып, алыс сапар, узак жолдо коштоп келет.

Демек, ак калпак – улуттук нарк-насилдин башаты, көркөм дөөлөттөрдүн көрөңгөсү.

Урматтуу замандаштар, улуттун улуулугун даңазалаган ак калпак башыңыздардан түшпөсүн.

Ак калпак күнүңүздөр кут болсун!