Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор А.Т.Абдраеванын Эл аралык эне тили күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу мекендештер, кесиптештер жана студенттер! 21-февраль ЮНЕСКО тарабынан Эл аралык эне тил күнү деп белгиленип, дүйнө элинин маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат.

Ар бир эл үчүн эне тилинен өткөн байлык жок. Эне тили улуттун жүзүн, иденттүүлүгүн аныктап, маданиятын, тарыхын, салт-санаасын муундан-муунга өткөрүп берет. Буга теңдешсиз “Манас” эпосубуз, элдик оозеки чыгармачылыктын мыкты үлгүлөрү жана залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары айныксыз далил.

Эне тили жок элди элестетүү мүмкүн эмес. Азыркы ааламдашуу доорунда эне тилин таза сактоо, тилдик корду байытуу, өсүп келе жаткан жаштарды эне тилинде сүйлөтүү,кийинки муунга өткөрүп берүү ар бирибиздин милдетибиз.

Ал эми эне тилин – кыргыз тилин сүйүү ар бирибиздин парзыбыз. Урматтуу замандаштар, Эл аралык эне тили күнүңүздөр кут болсун!

Энебизди кандай ыйык тутуп кастарласак, эне сүтү менен жаралган

эне тилибиз дал ошондой кастарланууга тийиш.