И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор А.Т.Абдраеванын Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кайрылуусу
Урматтуу мекендештер, ардактуу кесиптештер!
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү ар бир Кыргызстандык үчүн маанилүү жана барктуу. Бул күнү жаркын келечек үчүн күрөшкөн аталарыбыздын баскан жолу, иш-аракеттери, калтырган осуяттары эскерилип, өткөндөн сабак алып, мамлекеттүүлүк үчүн күрөшкөн аталарыбызга таазим кылабыз.
Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын катарында 80 жылдык тарыхы бар университетибиз атын алып жүргөн улуу педагог Ишеналы Арабаевдин бар экендиги окуу жайдын жалпы коллективин жана студенттерди сыймыктандырат жана өлкөнүн келечеги үчүн ишеним жаратып, ага ак кызмат кылууга шыктандырат.
Тарыхыбызды жана ата бабаларды эскерүү – жаш муундарда улуттук баалуулукту, мекенчилдикти, жоопкерчиликти калыптандырып, мыкты жүрүм-турумдун башталышына жана ийгиликтүү өнүгүшүнө жол ачат.
Ата-бабаларыбыздын көчүн татыктуу улап, ата журтубузду көздүн карегиндей сактап, урпактарыбызга кемитпей өткөрүп берүүгө ар убак милдеттүүбүз!
Элибизде тынчтык, жерибизде бейпилдик болсун!