Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  студенттери менен Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков жолукту 

Бүгүн, И.Арабаев атындагы КМУда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук ишмер, акын жана жазуучу Нуржигит Кадырбеков окуу жайдын студенттери менен “Келечек муун” аталышындагы жолугушуу өткөрдү. Анда, Н. Кадырбеков өзүнүн иш тажрыйбасы жөнүндө айтып берип, чет элде билим алуунун жол жобосу, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу студенттердин суроолоруна жооп берди. Аны менен катар окуу-билим, ата-эне, үй-бүлө таалим-тарбия, ыйман-ынсап, улуу-кичүүгө ызаат көрсөтүү жана башка темаларда да кеңири маектешти. Жолугушууда эл өкүлүнүн автордук “Азиянын арстаны”, “Бир гана сенсиң”, “Ант”, “Япон кереметинин сыры” аттуу китептери дагы көрсөтүлдү. Мындай иш-чараларды байма-бай уюштуруунун максаты өсүп келе жаткан муунга жашоодон өз ордун табуусуна, сапаттуу билим алуусуна жол көрсөтүп, жаш лидерлерди даярдоо жана кыргыздын нукура баалуулугун сактоо болуп саналат.