И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ЖМТИнин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучулары студенттер менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып келишти
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ЖМТИнин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн ПИ-2-23 тайпасы менен биргеликте окутуучулар Т.К.Ниязбеков, А.А.Жумаевалар 7-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып келишти.
"Өткөн жолун унуткан эл, келечекке жол таппайт" дегендей, быйылкы Тарых жана ата-бабаларыбызды эскерүү күндөрүндө эл-жери үчүн ташка тамга баскандай из калтырып тарых жараткан, учурунда өлкөнүн эгемендиги, өсүп-өнүгүшү үчүн башын сайып күрөшкөн белгилүү тарыхый инсандарыбыз эскерилип, Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, жеринен таанышып келишти.
Биздин бир гана Мекенибиз бар, ал — Кыргызстан!
Мекенибиз үчүн, кыргыз жери үчүн, адилеттик, эркиндик үчүн курман болгон мекендештерибиздин эстелигине таазим кылабыз!