Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик жана М. Танк атындагы Белорус мамлекеттик педагогикалык университеттеринин кызматташтыгынын жаңы перспективалары

Үстүбүздөгү жылдын 24-26-мартында Минск шаарына (Беларусь Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илим, эл аралык байланыш жана инновациялар боюнча проректору А. Айсулу Бейшенова М. Танк атындагы Белорус мамлекеттик педагогикалык университетинде болду.
24-март күнү Айсулу Бейшенова БМПУнун илимий иштер боюнча проректору, профессор Александра Позняк менен жолугушту. Жолугушууда проректорлор ЖОЖдор ортосундагы кызматташтыктын багыттары, анын ичинде студенттер менен профессордук-окутуучулук курамдын академиялык мобилдүүлүгү, университеттердин конференцияларга катышуу, биргелешкен илимий изилдөөлөр талкууланды. Мындан тышкары, БМПУнун жана КМУнун ресурстук борборлорунун базасында окуу жана илимий стажировкаларды уюштуруу, эки университеттин илимий журналдарына басылмаларды даярдоо маселелери талкууланды.