И.Арабаев атындагы мектеп-гимназиясына 5 даана компьютер белекке берилди
2022-10-26
25-октябрда Нарын областынын Кочкор районунда жайгашкан И.Арабаев атындагы мектеп-гимназиясында И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган “Кыргыздын алгачкы агартуучу-илимпозу Ишеналы Арабаев” аттуу иш-чара болуп өттү.
Аталган иш чарада И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу ректор Айгүл Абдраеванын куттуктоо катын окуп, агартуучунун небере-чөбөрөлөрүнө университетте өтө турчу иш чаранын чакыруусун тапшырды.
Ошондой эле, университеттин атынан И.Арабаев атындагы мектеп-гимназиясына 5 даана компьютер белекке берилди.