И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата иш-чара
2022-12-07
7-декабрда Э.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык - укуктук билим берүү факультетинин Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын кыргыз тили, орус тили жана адабият сабагынан берген мугалимдери:Аманбаева С., Калыбаева А., Черикчиева Г., Алманбетова Н. 1-курстардын студенттери менен биргеликте И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата иш-чара өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө И.Арабаев тууралуу доклад окулду. Ошондой эле, “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, сценка коюлду.
Студенттер арасында видеороликтердин жана дубал гезиттердин сынагы уюштурулуп, мыкты деп табылган топторго грамоталар тапшырылды.