Blog Image

ИДФ окутуучулары “Билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү үчүн КДС программаларын окутуу” долбоорунун алкагында окутулду

26-октябрдан 24-декабрга чейин И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин «Костюм, текстиль технологиясы жана искусствосу» кафедрасынын доценти Ж.Н.Сулайманова жана окутуучу Н.А. Касыгулова “Билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү үчүн КДС программаларына окутуу” долбоорунун алкагында тигүү өнөр жайы үчүн КДС программалары (Компьютердик долбоорлоо системасы) боюнча окуудан өтүштү. Окутуу Кыргыз-Түрк текстиль өнүктүрүү борбору тарабынан демилгеленип, USAIDдин Борбордук Азиядагы соода долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды.

Долбоордун максаты: квалификациялуу жаш адистерди даярдоодо окуу процессине санариптик технологияларды киргизүү.