Blog Image

ИДФтин 1-курсунун студенттери «Бурана» этно-комплексинде өткөн ачык пленэрге катышты

7-май күнү И.Арабаев атындгы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин «Кийим дизайны» багыты жана «Костюм, текстиль искусствосу» багыты боюнча 1-курсунун студенттери окуу практикасына барышты. ИДФтин «Костюм, текстиль технологиясы жана искусствосу» окуу практикасынын жетекчилери, окутуучулар М.Ж.Сабыров, Н.А.Касыгулова жана куратор А.Р.Жолдошева студенттер үчүн Токмок шаарындагы «Бурана» этно-комплексинде ачык пленэр өткөрүштү.