Blog Image

ИДФтин 3-курсунун студенттери "Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагынын бүгүнкүсү жана келечеги. Мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар" эл аралык форумуна катышты

2-3-апрель күндөрү Искусство жана дизайн факультетинин “Костюм, текстиль технологиясы жана искусствосу” кафедрасынын “Кийим өнөрү, текстиль” багытынын 3-курсунун студенттери Дамир кызы Айиша, Таирбекова Айданек, Темиркул кызы Мираида "Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагынын бүгүнкүсү жана келечеги. Мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар" эл аралык форумуна катышты.

“Жаш дизайнерлердин платформасы” долбоору педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жылдыз Сулайманованын жетекчилиги астында ишке ашырылды.