Blog Image

ИДФтин 3 студенти «Жаш дизайнерлер платформасы» мода көргөзмөсүнө катышты

26-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин «Костюм, текстиль технологиясы жана искусствосу» кафедрасынын «Костюм искусствосу, текстиль» багыты боюнча III курсунун 3 студенти «Жаш дизайнерлер платформасы» мода көргөзмөсүнө катышты.

«Евразия бизнес клубу» ишкерлер ассоциациясы жана «Джакафа» коомдук фондунун колдоосу менен Кыргыз-түрк текстилдик өнүктүрүү борборунун демилгеси боюнча уюштурулуп өткөн бул долбоордун финалдык этабы өтту.

«Костюм, текстиль технологиясы жана искусствосу» кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Жылдыз Сулайманова жетекчилик кылган. Студенттер Дамир кызы Айша - «Расмий элеганттуулук»; Таирбекова Айданек - "Өмүр сызыгы"; Темиркул кызы Мираида - "Чөл гүлү" коллекцияларын иштеп чыккан жана тартуулаган.

Долбоордун бардык катышуучуларына жана жетекчилерине сертификаттар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Иш-чара Jannat Regency мейманканасында өттү. Долбоордун алкагында 2023-жылдын октябрь айында 15 катышуучу сынактын негизинде тандалып, 5 айдын ичинде дизайн, компьютердик дизайн жана графикалык дизайн боюнча кошумча окуудан өтүшкөн. Ошондой эле кызыктуу жолугушуулар, экскурсиялар, дизайн жана маркетинг боюнча курстар уюштурулган.