Blog Image

ИДФтин окутуучулары жана студенттери ЖОЖдор аралык кызматташуу максатында «АРТ класс» иш-чарасына активдүү катышты

1-декабрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин «Текстиль, костюмдун технологиясы жана искусствосу» кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери ЖОЖдор аралык кызматташуу максатында «АРТ класс» иш-чарасына активдүү катышты. 
Бул иш-чара И.Раззаков атындагы КМТУнун «Көркөм буюмдар дизайны» кафедрасы тарабынан уюштурулган мастер-класстар, студенттердин чыгармачылык иштеринин көргөзмөсү, шоу жыйнактар фотограф жана экоактивист Влад Ушаковдун экология маселелерине арналган конок лекциясы болду.