Blog Image

Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору А.Чалданбаева БФУнун Билим берүү жана психология Жогорку мектебинин директору М.Храмова менен жолугушту

27-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУнун илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева менен И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинин Билим берүү жана психология Жогорку мектебинин директору, п.и.д., профессор Марина Храмова жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки университеттин ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Профессор М.Храмова КМУнун орус филологиясы факультетинин коллективи менен жолугушуп, университеттин профессордук-окутуучулук курамына, аспиранттарына жана магистранттарына “Илимий изилдөөдөгү адабияттарды тандоо”, “Педагогикалык долбоорлоо” деген темаларда лекция окуду.