Blog Image

Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова “Жаңы доор – жаңы жолдор” Дүйнөлүк форумуна катышты

6-октябрда Евразиялык кызматташтыктын эл аралык уюму тарабынан уюштурулган “Жаңы доор – жаңы жолдор” Дүйнөлүк форумунда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Айсулу Бейшенова «Санариптик доордогу маданий мурас: сактоо жана жайылтуу» аталышында доклад жасады.