Blog Image

«Илимдеги аялдын орду» аталышындагы тегерек стол уюштурулду

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде  «Илимдеги аялдын орду» аттуу тегерек стол өттү. Ага педагогика илимдеринин кандидаты Заря Мамбетова, Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Аймак таануу жана маданият таануу кафедрасынын д.м.а., саясий илимдеринин кандидаты Алия Абдыкеримова жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Заря Мамбетова менен Алия Абдыкеримовалар өздөрүнүн иш тажрыйбасы жана жетишкендиктери тууралуу  баяндап, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.
Стартап борбору тарабынан уюштурулган бул тегерек стол – аялдардын жана кыздардын илимге умтулуусуна дем берүү, илимдеги окумуштуу аялдарды жана кыздарды колдоо, жаштардын илимге болгон кызыгуусун ойготууга, кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, гендердик теңчиликти камсыз кылууга багытталган. 
Белгилей кетсек, “Илимдеги аялдардын орду” долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду менен биргеликте ишке ашырылууда.