Blog Image

«Инклюзивдик билим берүүдө педагогдордун компетентүүлүгүн калыптандыруу» темасында кесиптик билим берүү окуу жайларынын мугалимдери үчүн курстарынын I этабы старт алды

30-октябрдан 4-ноябрга чейин «Инклюзивдик билим берүүдө педагогдордун компетентүүлүгүн калыптандыруу» темасында кесиптик билим берүү окуу жайларынын мугалимдери үчүн уюштурулган пилоттук кошумча квалификациянын жогорулатуу курстарынын 1-этабы старт алды. Аталган курстар И. Арабаев атындагы КМУнун М. Р. Рахимова атындагы кошумча кесиптик билим берүү институтунун алдындагы инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борбору жана Азия өнүктүрүү банкы ортосундагы кызматташуунун алкагында өтөт. Анда, азыркы учурда 15 угуучу окуп жатат.

Бул иш-чаранын угуучуларына куттуктоо сѳзү менен М. Р. Рахимова атындагы кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору, доцент Гульнара Усенгазиева сүйлөп, аларга ийгиликтерди каалап кетти.