Blog Image

Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борборунун башчысы Д.Шаршенова «Бардыгы билим берүү үчүн – билим берүү баары үчүн» V улуттук форумуна катышууда

25-октябрда Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан өткөрүлүп жаткан «Бардыгы билим берүү үчүн – билим берүү баары үчүн» V улуттук форумуна И. Арабаев атындагы КМУнун М. Р. Рахимова атындагы Кесиптик кошумча билим берүү институтунун Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борборунун башчысы, г.и.к., доц.м.а. Дамира Шаршенова катышууда. 
Аталган иш-чарада Д. Шаршенова билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоого катышып, жалпы билим берүүдө инновациялануу, трансформациялануу багытында университеттин иш-аракеттери тууралуу ой бөлүштү. Улуттук форум өнөктөштөр ортосунда №4 Туруктуу өнүгүү максаттары алкагында жетишкендиктерди жана талаптарды талкуулоо үчүн диалогдук платформа катары кызмат кылат.