Blog Image

“Ишеналы Арабаев атындагы атайын сыйлык” өз ээлерин тапты

2022-12-23

Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштулар Кеңешинин чечими жана ректордун 2022-жылдын 24-ноябрдагы № 140-буйругунун негизинде билим берүү, илим тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана  илимий эмгектери коомчулук тарабынан жогору баалангандыгы үчүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Ишеналы Арабаев атындагы атайын сыйлыгы” тарых илимдеринин кандидаты, доцент, Байдилдеев Жумагул Рыскулбековичке жана педагогика илимдеринин кандидаты, проф м.а. Эсенгулова Миргүл Молутбековнага жана ошондой эле, тарых илимдеринин кандидаты, Улуттук илимдер академиясынын Бегимаалы Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы Кубатова Аида Эсенкуловнага ыйгарылды.