Blog Image

Ишеналы Арабаев атындагы КМУ Түштүк Кореянын Конжу Улуттук университети менен кызматташат

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Түштүк Кореянын Конжу Улуттук университетинин өкүлдөрү профессор Квак Сынчоль, профессор Ким Ён Сок, Хон Джо Ён менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташуу тууралуу талкууланып, бул багытта атайын долбоорду иштеп чыгуу жөнүндө катка кол коюлду. Жолугушууга университеттин Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Рахат Рай кызы жана Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Жапарова катышты.