Blog Image

Ишеналы Арабаев атындагы КМУда "Санарип мугалим" конкурсунун сыйлоо аземи өттү

Ишеналы Арабаев атындагы КМУда "Санарип мугалим" конкурсунун сыйлоо аземинде университеттин ректору Айгүл Абдраева, Санарип Академиясынын жана "Манас travel" компаниясынын өкүлдөрү, жана ошондой эле республикабыздын жети облусунан келген мугалимдер катышышты.

Иш-чарада “Санарип мугалим" долбоорунун 3 айлык курсун окуган жана 72 сааттык семинарына катышкан мугалимдерге жана окутуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Бул демилге Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизет деген ой менен жаштарга сапаттуу билим берүү максатында уюштурулган.