Blog Image

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева атайын иш сапары менен Ташкент шаарында Япон Санарип университетинде болду

Бүгүн 5-июнда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева атайын иш сапары менен Ташкент шаарында Япон Санарип университетинде (Japan Digital University, JDU) болду.

Маалыматтык технологиялар (IT), санариптик өнүгүү жана ушул багытта иш алып барууну жолго коюу максатында Өзбекстандын Ташкент шаарындагы Япон Санарип университетинин тажрыйбасын үйрөнүү жана академиялык мобилдүүлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн университеттин ректору Айгүл Абдраева, Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров жана Японтаануу институтунун Камкордук кеңешинин төрагасы Ёцухаши Мичинори атайын иш сапар учурунда “Education Solution Division” компаниясынын директору Ясуюки Ногучи, Япон Санарип университетинин ректору Равшанбек Мамажанов, проректору Ёко Ватанабэ, “Friendly Tech Co. Ltd” компаниясынын директору Ито Хирото менен жолугушуусу болуп өттү.

Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраеванын Япония өлкөсүнө болгон расмий иш сапарынын алкагында Digital Knowledge IT-компаниясы менен билим берүү жаатындагы кызматташтык боюнча келишим түзүлгөн.

Ал эми 2020-жылы Өзбекстандын Ташкент шаарында негизделген Япон Санарип университетинде билим алган болочок IT-инженерлер, Японияда иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ, жана ошондой эле, аталган университет мамлекеттин күчтүү жогорку окуу жайларынын бирине айланган.