Blog Image

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун студенттери кыргыз-казак жаштар форумуна катышууда

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясынын алкагында Бишкек шаарында кыргыз-казак жаштар форуму өтүп жатат. Ага И.Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттери Данияр Бекишов, Малика Аманкулова, Абдулла Абдысаматов, Милана Съездбекова жана Жасмин Мукамбет кызы катышууда.

Форумга Кыргызстандын жана Казакстандын коомдук ишмерлери, эксперттер, жаштардын жана студенттик уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Студенттер форум жогорку деңгээлде өтүп жатканын жана мындай иш-чарага катышуу өтө чоң сыймык болуп жаткандыгын айтып, университеттин жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришүүдө.