Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Елабуга институту менен кызматташат
Бүгүн, 20-август күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева жана Казан федералдык университетинин Елабуга институтунун директору Елена Мерзон кызматташтык меморандумуна кол коюшту. Бул меморандум билим берүү жана илим тармагында биргелешкен иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошону менен бирге, ЖОЖдор ортосундагы байланыштарды бекемдейт.