Blog Image

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Индия маданияты» борбору ачылды

14-июнда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дүйнѳлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун негизинде «Индия маданияты» борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Борбордун ачылышына университеттин окуу иштери боюнча проректору, профессор Курманбек уулу Талантбек, институттун директору, профессор Нуржан Сартбекова, жалпы профессордук-окутуучулар курамы жана Индия өлкөсүнөн келген Шарда эл аралык инновациялык технологиялар университетинин профессорлору, доктор Прамод Кумар, доктор Вивек Кумар Гупта, доктор Паллави Гупта катышышты.   
Белгилей кетсек, кече И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраеванын Шарда Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин профессору, доктор Прамод Кумар менен эки тараптуу кызматташуу боюнча жолугушуусу болуп өткөн. Анда, КМУнун Дүйнѳлук тилдер жана эл аралык мамилелер институту менен Шарда Эл аралык университетинин студенттеринин академиялык мобилдүүлүгү, жалпы окутуучулар курамынын эки өлкө ортосундагы тажрыйба алмашуусу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу боюнча сунуштар талкууланган. Мындан сырткары доктор Прамод Кумар “Санариптик окутуунун жана билим берүүнүн ролу”, “Окутуу педагогикасы”, “Нерселердин интернети”, “21-кылымдагы жасалма интеллекттин ролу”, “Универсалдуу баалуулуктар жана жашоо көндүмдөрү” аталышындагы темалар боюнча институттун жалпы профессордук-окутуучулар курамына лекция окуп берди.